www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жүк ташуучу унаа айдоочусу болгон Виталий Шульц аттуу Кыргызстандын жараны Тажикстандын Өзбекстан менен болгон чек арасында калып, өлкөдөн чыга албай жатат. Бул тууралуу Kaktus.mediaга анын кесиптешинин бири билдирди.
Анын айтымында, ал Фотехобод - Автодорожный көзөмөл бекетинде (Бекабад району) кармалып турат. Ал Ойбек - Автодорожныйдын (Ташкент облусу) жанында жайгашкан.
"Ага мүлктөрдү тартып алууга жана Кыргызстандагы тажик жарандарын барымтага алынуусуна жооп катары кармалдың деп айтышкан", - деди Шульцтун кесиптеши.
Редакция айдоочу Виталий Шульцтун өзү менен байланышып, ал эл аралык жүк ташуу менен алектенип, Тажикстанга Германиядан келгенин, Өзбекстан менен чек араны 21-июнда кесип өткөнүн айтты.
"Мен жүктү түшүрдүм, бирок бажы кызматкерлери мени көзөмөл бекетинен кармап, чек арачыларга баргыла деди, анткени менин унаамдын номери Кыргызтандыкы болгон, мен өзүм Кыргызстандын жаранымын", - деди ал.
Шульц өткөрүү пунктундагы чек арачыларга кайрылып, паспортуна ал Тажикстандын аймагынан чыгып кеткен деп мөөр басышканын кошумчалады.
"Бирок алар мени жүк ташуучу унаа менен чыгарышкан жок, эмне үчүн деп сураганымда Тажикстандын жергиликтүү УКМК кызматынын жетекчилеринин бири келип, мен аларды барымтага алып жатам деп түз эле айтты. Тилекке каршы ал аты-жөнүн, өздүк документтерин көрсөткөн жок», - деди айдоочу.
Булак: NazarNews.kg