www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ишкерлер бири- биринен аябай жабыркашкан. Мындай пикирди бүгүн, 24-июнда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди.

--“Ишкерлер бири биринен аябай жабыркашкан. Бизге көп арыздар, каттар келип түштү.

Эгер ишкерлердин укуктары бузулса, алар сотко кайрыла алат. Бул кодексте сотторго көп укуктар берилди. Иликтөөлөр тастыкталса кайрып бергенге, бири-биринен коргогонго мамлекет тарабынан чоң мүмкүнчүлүк бар. Бул абдан керектүү нерсе деп ойлойм. Азыр канчалаган бизнес структуралар ишин алып кеткенге чоң мүмкүнчүлүк бар.

Эң чоң өзгөрүүлөр болду. Мурдагы кодекстерде мейкиндик жана убакыт деген түшүнүк алып салынган. Бул кодексте окуянын болгон жери, аны иликтөө, текшерип карап көрүү деген жок болду. Экинчиден мурда арыз жазганда, арызды кабыл алаары менен күнөөкөр катары карашчу. Азыр кылмыштын курамы бар болсо карайт,  эгер жок болсо карабайт. Айырмачылыгы ушунда десем болот. Үчүнчүдөн балдарды коргоодо жоопкерчилик күчөтүлдү. Ата-энесине дагы чаралар көрүлөт.

Төртүнчүдөн оор кылмыштарга катуу чара көрүлөт. Тактап айтканда жаза күчөтүлөт. Себеби, адам сатуу, бойдон алдыруу дегендерге көп көңүл бурулган эмес. Азыркы кодексте ушунун баары камтылды”, - дейт укук коргоочу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости