www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында Кыргызстандан Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Чеш-Дөбө жергесинде мамлекеттик чек арадан  болжол менен бир чакырым аралыкта белгисиз 5 адам малды мыйзамсыз айдап өтүп жатканы аныкталган.

Ыкчам чаралардын жыйынтыгында чек арачылар тарабынан аткезчилик жол менен өткөрүү аракет кылынган 67 баш ири мүйүздүү мал кармалды.

Мал мындан аркы процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүшү үчүн белгиленген тартипте чек ара тарамына алып келинди.

Последние новости