www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист жана КМШ өлкөлөрү боюнча адис Аркадий Дубнов “Эхо Москвадагы” өзүнүн блогунда Тажикстандын чек ара заставасына террористердин кол салуусу боюнча пикирин бөлүштү. Ал “6-ноябрда заставага эч кандай Ислам мамлекетинин боевиктеринин кол салуусу болгон эмес” деп эсептейт. Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн версиясы фейк болуп чыкты. Буга чейин ЖМКларда 20 чакты моджахеддер чек арадан өтүп, заставанын аскер кызматкерлерине кол салышканы маалымдалган болчу. 

Маалыматтын туура эмес экенин Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон да моюнга алды. Күч түзүмдөрүнүн жыйынында ал атайын кызматтарда кол салуу боюнча эч кандай маалымат болбогонун, бул чоң кемчилик экенин билдирди. Өлкөнүн президенти андан тышкары, кошуна өлкөлөрдөгү туруксуздуктан улам  чек араны жакшы коргоо керек экени билгиледи. 

Россиялык эксперттер кол салуу мафиялык топтордун эле “разборкалары” болушу мүмкүн экендигин айтып жатышат. Кылмыштын изи өтө таасирдүү адамдар көзөмөлдөгөн бизнеске алып барат. 6-ноябрда болгон атышууда 17 киши курман болгон. Бул инцидент Тажикстандын тарыхындагы эң оор трагедиялардын бири болуп саналат. Аркадий Дубнов “Ислам мамлекети бул окуя боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алганына көңүл бурбаш керек” деп эсептейт. 

(«Аргументы недели»)

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости