www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убагында эгилген эгин убагында чыгат.

(Абхаз макалы)

Убакыт менен суунун агымы адамды күтпөйт.

(Англис макалы)

Убакыт – бул акыл эмгеги менен иштеген кызматкердин капиталы.

(Оноре Бальзак)

Кандайдыр бир жамандык пайда болушу үчүн бир күн керек, бирок, аны жер жүзүнөн жоготуш үчүн бир нече кылым талап кылынат.

(Л.Бланки)

Жаштыгыңды гана эмес, жаш кездеги басыгыңды да кайра кайталоо мүмкүн эмес.

(Ю.Бондарев)

Жыйырма жашымда мен өзүмдү даанышман катары эсептечү элем, отуз жашымда келесоо экенимди түшүнө баштадым.
 (Ф.Вейсс)

Бактылуу адам үчүн бүтүндөй өмүр кыска, ал эми бактысыздар үчүн бир түн да аябай узак болуп сезилет.

(Лукиан)

Өмүр эч кимге түбөлүккө берилбейт, убактылуу гана берилет.

(Лукреций)

Мен дайыма белгиленген убакыттан он беш мүнөт эрте турчумун, ушул нерсе мени адам кылды.

(Г.Нельсон)

Адам канчалык узак мезгил бала бойдон калса, анын өмүрү ушунчалык узак болот.

(Новалис)

Жылды санагандын эч зарылдыгы жок: узак жашагандар көп эле. Кеп жылда эмес, жасаган иште, ошолорду санаш керек.

(Овидий)

Мезгил – эң мыкты кеңешчи.

(Перикл)

Турмушуң канчалык бактылуу болсо, ал ошончолук кыска болот.

(Кенже Плиний)

Отуз жашка чейин сени аялың жылытат, отуздан кийин бир рюмка вино жылытат, андан кийин сени меш да жылыта албай калат.

Ким жыйырма жашында куландай соо, отуз жашында акылдуу, кырк жашында бай болбосо, андан кийин куландан соо да, акылдуу да, бай да боло албайт.

(Орус макалдары)

Убакытты туура пайдалануу аны ого бетер кымбат кылат.

(Жан  Жак Руссо)

Өз убактысын жакшы пайдалангандар үчүн өмүр кыска деле эмес.

(Кенже Сенека)

“Эртең” деген сөз чечкинсиз кишилер жана балдар үчүн ойлоп табылган.

(Иван Тургенев)

Узак жашаш үчүн бул тууралуу жашыңан эле ойлоно башташ керек.

(Бернард  Шоу)

Биз жаш кезде реформатор, картайганда консерватор болобуз. Консерватор – жыргылчылыкты, реформатор – адилеттик менен чындыкты издейт.

(Р.Эмерсон)

Жүзгө чыккан киши эмес, жашоонун ырахатын сезе алган киши көп жашаган болот.

(Жан Жак Руссо)

Убакыттын баасын билбеген киши атак-даңк үчүн жаралган эмес.

(Л.Вовенарг)

Убакыт күтпөйт, жоголгон көз ирмемди кечирбейт.

(Н.Гарин-Михайловский)

Мезгил өткөн сайын жымжырттык адамдын жаншеригине айланат.

(Бир тууган Гонкурлар)

Ак чач – жаш куракты эле билдирет, даанышмандыкты эмес.

(Грек макалы)

Убакыт – бул буйрук берген тиран.

(Э.Делакруа)

Биз күндүн батканын, күндүн чыкканын карап сүйүнөбүз, бирок, күн биздин жашообузду өлчөп жатканын ойлобойбуз.

(Байыркы Индия макалы)

Эгер досторуң “жаш көрүнөсүң” деп комплимент айта баштаса, демек, сен картая баштаган экенсиң.

(В.Ирвинг)

Жаштык – жаратылыштын белеги, улгайган курак – искусствонун чыгармасы.

(Г.Канин)

Кеч турсаң – бир күнүңдү жоготконуң, жаш кезиңде окубасаң – өмүрүңдү  жоготконуң

(Кытай макалы)

Демалыш күндөрү деле биздин жашоо мөөнөтүбүзгө эсептелет.

(Э.Кроткий)

Акчадан айырмаланып, убакытты чогултканга болбойт.

Канчалык башынан баштасаң да өмүр узарып кетпейт.

(Б.Крутиер)

Күндөр кандай узун, жылдар кандай кыска...

(А.Доде)

Саат механизми бар бомбанын жардыргычы – бул убакыт болуп эсептелет.

Идеалдуу саат үзгүлтүксүз жүрөт. Идеалдуу убакыт кээде тез, кээде жай өтөт.

Убакыт – бул киши жегич.

(Станислав Ежи Лец)

Баары жарадар кылышат, акыркы мүнөт болсо өлтүрөт.

(Эски сааттагы жазуудан)

Убакыт китепте гана токтойт.

(Ялю Курек)

Мейкиндик – менин бийлигимдин символу. Убакыт – менин алсыздыгымдын символу.

(Жюль Ланьо)

Жылдар жорголойт, энтиккен болсо биз.

(Лешек Кумор)

Даярдаган Мамат САБЫРОВ

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости