www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тбилисиде бийликке каршы митинг өтүп жатат

Грузиянын оппозициялык “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясы Тбилисидеги өлкөнүн өкмөт үйүнүн жанында азыркы бийликке каршы акция өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтуу маалымат каражаттары жазып чыкты.

Тбилисидеги Руставели проспектиси тосулганы белгиленди. Катышуучулар колдоруна Грузиянын жана Евробиримдиктин желектерин кармап турушат.

Акциянын уюштуруучулары бийликтен Еврокомиссиянын 12 сунушун аткарууну, “Mtavari Arkhi” телеканалынын башкы директору Ника Гварамияны жана Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини, ошондой эле 7-9 марттагы нааразычылык акцияынын катышуучусу Лазар Григориадисти бошотууну талап кылышууда.

Алар ошондой эле тышкы саясаттын векторун Орусия менен жакындашуунун пайдасына өзгөртүүгө аракет кылып жатканы үчүн бийликти жемелеп жатышат.

7-апрелде Абхазия Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (МКК) башчысы Рустам Латипов Тбилисиде боло турган нааразылык акцияларына байланыштуу Грузия менен чек ара жабылганын билдирди. Тыюу гуманитардык мүнөздөгү учурларды кошпогондо, республиканын бардык тургундарына тиешелүү экени белгиленген.

Эске сала кетсек, Тбилисиде 7-8-мартта чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин миңдеген нааразылык акциялары өткөн. Ар күнү кечинде коопсуздук күчтөрү демонстранттарды суу аткычтар жана көздөн жаш агызуучу газ менен таркатышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости