www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Техас татындагы Аллен шаарындагы соода борборунда 6-майда куралдуу кол салуудан сегиз киши каза болуп, жетөө жарадар болду. Бул тууралуу CNN кабарлады.

Кол салган кишини соода борборунун аймагындагы полиция кызматкери атып салган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кылмышкер толугу менен кара кийинип, АР-15 мылтыгы менен куралданган жана үстүндө ок өтпөс күрмө болгон.

Ок атуудан дарыгерлердин айтымында, беш жаштан 61 жашка чейинки адамдар жабыркашкан. Алардын баары ооруканага жаткырылган. Үчөөнүн абалы оор.

Алты адам окуя болгон жерде, дагы экөө ооруканага бараткан жолдо каза болгон.

Бийлик мунун себебин атай элек, бирок тергөөчүлөр кол салган адамдын социалдык тармактагы ишмердүүлүгүн, анын ичинде оңчул экстремизм менен байланышы бар экенин аныкташты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости