www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тель-Авивде жээктеги көчөдө болгон кол салуудан жабыркагандардын баары туристтер, анын ичинде каза болгон эркек киши да бар.
Бул тууралуу Израилдин Тез жардам кызматы (MDA) билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазды.
"Окуядан жалпы сегиз киши жабыркады. Жеринде 30 жаштагы эркек киши каза болуп, жаракат алган жети адам Ихилов ооруканасына жеткирилди, анын ичинен үчөөнүн абалы орточо оор, төртөө жеңил жараат алды. Жабыркагандардын баары туристтер", — деп айтылат Тез жардам кызматынын маалыматында.
7-апрель күнү кечинде Тель-Авивде Яффонун жанындагы жээкте унаа жөө адамдардын тобун сүзүп кеткен. Израилдин Тышкы иштер министрлиги кол салууну теракт деп атады. Айрым маалымат каражаттары айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүздүрүп кеткенден кийин унаадан чыгып ок чыгарганын маалымдашууда.
Айдоочу окуя болгон жерден кармалган. Соцтармактарга тараган кадрлардан трассанын жанындагы газондо оодарылып жаткан унааны көрүүгө болот.
Булак: NazarNews.kg