www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-августта Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү каралды.
Соттун чечими менен Сариев 30-сентябрга чейин УКМКнын абагында камакта калтырылды.
Эске салсак, УКМК Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып менен 3-августта кармаган. Соттун чечими менен ал эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.
Адвокаты Тимур Султанов Кумтөрдөгү экологиялык зыянды Сариев эмес, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик орган аныктаганын, Сариев жетектеген комиссия ишин ачык жүргүзгөнүн, курамында парламент депутаттары, адистер, көз каранды эмес эксперттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болгонун, анын корутундусуна учурунда Жогорку Кеңеште өтө жогору баа берилгенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg