www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акитивист Темирлан Ормуков учурдагы болуп жаткан өзүн-өзү кызматка койгон аткаминер болгусу келгендерге нараазычылыгын айтты.
--Революция деп коюшат. Президент качпаса же президенттиктен расмий баш тартпаса, парламент таркабай депутаттар мандаты менен болсо, кыскасы расмий бийлик тургандан кийин кайдагы революция? Өмүрбек Субаналиев үнүн бек чыгарып:"учурда совбез жалгыз легитимдүү орган"-деп коёт. Министр дайындап жиберишкендерин айт. Ар ким каалагандай бийлик жүргүзмөй болсо анда мен деле баштайын. 90 батирлүү 9 кабат үйгө мен президентмин, эртең желек менен Конституция кабыл алабыз да Кыргызстандан бөлүнөбүз. “Дворнигибиз тротуар” министри болот да тиги Курсан Асановдой болуп коопсуздукту камсыздайм деп жүрө берсин. “Домком совбезге” башчы болуп Өмүрбек Субаналиевче легитимдүү органмын деп бакылдасын. Кеп башкада... Азыркы бакылдап жаткандардын көпчүлүгү кезинде баары тең бийликте ар кандай чоң кызматтарда иштешпеди беле? Ошол кездеринде эмнеге патриот болуп чыгышпады? Кызматтан айдалып же шайлоодон өтпөй калганда эле "калыстык, мыйзамдуулук, Эл"-деп айгайлап чыгыш керекпи? Ким билет эгер булар шайлоодон өтүп калышса эмне деп сайрашмак? - дейт Темирлан Ормуков.
Булак: NazarNews.kg