www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Темирлан Султанбеков ЖКнын экс-спикери Асылбек Жээнбековго каршы 1,5 жыл мурда жазган арызына эми гана жооп келгенин маалымдады Бул тууралуу видеокайрылуусун ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
Султанбековдун айтымында, Асылбек Жээнбеков спикер болуп турганда бир катар мыйзам бузууларга жол берген. Тактап айтканда, сөз ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө болуп жатат. Бул иш боюнча Алмазбек Атамбаев жана экс-премьер-министр Сапар Исаков баш болгон мурдагы жогорку кызматтагы адамдар соттолду.
Алмазбек Атамбаевдин берилген тарапташы катары белгилүү болгон Султанбеков убагында Асылбек Жээнбековго каршы иш козгоону өтүнүп, Башкы прокуратурага арыз жолдогон.
“Мындан бир жарым жыл мурун мен Башкы прокуратурага кайрылып, Асылбек Жээнбековдун бардык мыйзам бузууларын тизмектеп берип, аны жоопко тартууну талап кылгам. Бул катка алар бир жылдай жооп бербей жүрүштү. Колумдагы кат мага кечээ эле келди. Карап көрсөк, бул кат 2020-жылдын 14-октябрында жазылыптыр. Мында Асылбек Жээнбековдун иш-аракетинде кылмыш курамынын белгилери жок экендиги жана Жээнбековго карата эч кандай кылмыш иши козголбой тургандыгы жазылат”, – деди Темирлан Султанбеков.
“Дагы бир жолу белгилеп кетейин, кат 14-октябрда жазылган, ал эми 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен. Алар бийликтеги акыркы күнүндө да бир гана өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп, кылмыштарынын изин жашырган. Бир жылдан бери жооп бербей келген Генпрокуратура дагы дароо эле жооп берди”, – деди ал.
Ошондой эле, Султанбеков Асылбек Жээнбековго байланыштуу иш боюнча Башкы прокуратурага бүгүн кайрадан арыз жолдогонун маалымдады.
“Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин келген Башкы прокурор канчалык деңгээлде адилеттүү болоорун көрөбүз”, - деди Султанбеков.
Эске салсак, Асылбек Жээнбеков экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси. Президент Жээнбеков 2020-жылдын октябрь айында болгон саясий кризистен кийин кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткен.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg