www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстан ИИМи Душанбе тергөө абагынан качкан Ахмадбек Саидовдун сүрөтүн жарыялады жана жарандардан аны кармоого көмөк сурады. Качкындын жүргөн жерин кабарлагандарга сый акы жарыяланды.
Качкындын сүрөтүнүн алдындагы кыска маалыматта ал Хатлон облусунун тургуну экени, каракчылык менен кол салууга айыпталып жатканы жазылган.
35 жаштагы Ахмадбек Саидов 19-августка караган түнү тергөө изоляторунан качып кеткен.
Бул арада Ахмадбек Саидовдун сүрөттөрү Бохтар шаарынын көчөлөрүндө жана базарларында пайда болду.
12 тажик жараны менен кошо Орусиядан Тажикстанга депортацияланган Ахмадбек Саидов 2007-жылы Дангара шаарында каракчылык менен кол салууга жана 83 миң сомони (8080 доллар) уурдап кетүүгө айыпталган.
Бул арада качууга көмөк көрсөтүү шеги менен №1 абактын жооптуу кызматкери Идибек Мухтожев кармалды.
“Текшерүү көрсөткөндөй, Саидов качардан бир күн мурун белгисиз киши менен Мухтожоевдин телефону аркылуу сүйлөшкөн. Мухтожоев бир апта мурун кармалган”, - деди өз булак.
2010-жылы Душанбе борборундагы тергөө абагынан 25 киши качып кеткен. Алардын арасында оор кылмыш жасоого айыпталгандар да болгон. Бул окуядан кийин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысын жана алардын орун басарларын кызматтан алган.
Качкындарды кармоо операциясы 2011-жылдын күз мезгилине чейин созулган. Качкандардын 14ү кармалып, жетөө өлтүрүлгөн.
Булак: NazarNews.kg