www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев 1989-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районундагы Туз айылында туулган.

Билими:

— 2006-2011-жалдары — Россиянын Ички иштер министрлигинин Волгоград академиясы, «юриспруденция», «соттук криминалистика» адистигин аяктаган.

Эмгек жолу;

— 2011-2012 — жылдары — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү;

— 2012-2014 — жылдары — ИИМ Академиясынын окутуучусу;

— 2015-2016 — жылдары — Октябрь райондук ИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысы;

— 2016-2018 — жылдары — Октябрь райондук ИИБдин улук тергөөчүсү;

— 2018-2019 — жылдары — Свердлов райондук ИИБдин тергөө кызматынын начальнигинин орун басары;

— 2019 — жылы — Чүй облусунун Москва райондук ИИБдин тергөө кызматынын начальниги;

— 2019-2020 — жылдары — Чүй облусунун Сокулук райондук ИИБдин тергөө кызматынын начальниги;

— 2020-2021 — жылдары — ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү;

— 2021 -жылы — ИИМдин тергөө кызматынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

— 2022 — жылы — Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору;

— 2022-жыл, август — Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган.

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылганын кечээ, 25-майда кабарланган.

Маалым болгондой, анын суракка чакырылышы Жал кичирайонундагы «Батуми» кафесинин буздурулушу менен байланыштуу.

Эскерте кетсек, буга чейин «Батуминин» ээлери кафенин түрттүрүлүшү боюнча УКМКга арыз менен кайрылган. Жерине УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өзү барып, кафенин ээлери менен жолуккан.

Ал эми, бүгүн, 26-майда Орунтаев "Батуми" кафесин бузуудагы келтирилген зыянды төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Последние новости