www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сентябрдан тарта бардык иш кагаздары милдетүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлө баштайт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы билдирди.

Улуттук комиссиядан билдиргендей, айрым ЖМКлар Мамлекеттик тил комиссиясына шилтеме берүү менен, “1-сентябрдан тартып мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бардык мекемелерде, ведомстволордо жана уюмдарда иш кагаздары милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлө баштайт” деп туура эмес чечмелеп беришүүдө.

"Мындан улам төмөнкүдөй тактоо киргизебиз. Комиссиянын билдирүүсүндө кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүү чаржайыт болбостон, бардык мекеме-уюмдарда бирдиктүү талапка баш ийиши керектиги айтылган. Башкача айтканда, иш кагаздарынын тексттери бир шаблонго келтирилип, кыргызча так, түшүнүктүү, даана жана катасыз жазылышы зарылдыгы белгиленген. Ал эми иш кагаздары кыргыз тилинде гана жүргүзүлсүн деген чектөө жок", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин бир катар ЖМКлар 1-сентябрдан тарта бардык документ иштери кыргыз тилинде жүргүзүлө баштай турганын жазып чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости