www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва районунун ИИБнын тергөө кызматынын кызматкерлери, милициянын капитаны Э.А.К. жана милициянын лейтенанты А.А.К. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган милиция кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен «К.И.К.» аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын токтотуу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары алууга аракет кылышкан.

Натыйжада К.И.К. аттуу жаран Москва РИИБ кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен КР УКМКсына кайрылган. 2022-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 343- беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган.

"Бул факты боюнча 2022-жылдын 26-августунда КР ИИМдин ички кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларыныналкагында, кызматтык бөлмөсүнөн белгиленген сумманын бир бөлүгүн, тагырагы 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда Москва районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүлөрү Э.А.К. жана А.А.К. кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости