www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Казакстандын Түркстан облусунда чет элдик жарандар менен автобус жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен 12 адам ооруканага жаткырылганын маалымдаганбыз. Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы кырдаал боюнча кошумча маалымат таратты.

Маалым болгондой, жол кырсыгына кабылган автобус кечээ, 26-августта саат 22:00дө «Ташкент» автобекетинен эки айдоочу жана 47 жүргүнчү менен чыгып кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, окуянын кесепетинен 12 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.

Бул автобус Ташкент шаарынын Чилонзор району, Бунёдкор көчөсү 7 дарегинде жайгашкан «МИРОНШОКС ГРАНД ТРАНС» ЖЧКсына тиешелүү.Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында бул автобустун лицензия баракчасы Транспорт министрлиги тарабынан берилген.

2018-жылы чыгарылган «YUTONG BUS ZK6122H9» (Кытай) автобусу акыркы жолу ушул жылдын 17-мартында Ташкент шаарынын IIBB YHXB RIB текшерүүсүнөн өткөн.

Учурда бул жагдай боюнча «МИРОНШОКС ГРАНД ТРАНС» ЖЧКсынын жетекчилиги жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жооптуу кызматкерлер компетенттүү органдар тарабынан териштирилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости