www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чоң потенциал болгону менен кызматташууда ири тоскоолдуктар болууда. Маселен, чек ара жагдайы, кыргыз тараптын өзбек ишкерлери менен жакшы иштешпегендиги жана башкалар. Эгерде тоскоолдуктар жоюлса, Кыргызстандын продукцияларына Өзбекстанда талап күч. Мындай пикирин мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.
Анын айтымында, тоскоолдуктарды жоюу үчүн ар тараптуу кызматташып, чек ара маселесин башкача ыкма менен чечип, эки өлкөнүн бизнес бирикмелери тыгыз иштеши зарыл. Алгач соода башталып, андан ары инвестициялык долбоорлор кетиши керек. Ал эми учурда биринчи кагаз жүзүндө долбоорлор башталат, бирок ишке ашпайт.
Биринчи ишеним пайда болушу керек, ал соода аркылуу жетишилет. Кыргызстандын Өзбекстан менен болгон мамилеси башка өлкөлөргө караганда солгун. Анын үстүнө Кыргызстанда кадрдык туруксуздуктун айынан инвесторлор да келүүнү көп каалабайт.
Булак: NazarNews.kg