www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер азыр Чүй облусундагы жерлерди сугаруу маселеси чечилбесе, күз-кыш мезгилинде азык-түлүктүн баасы кымбаттайт. Бул туурасында мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Жүгөрүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Виталий Какштыкстын айтымында, быйыл Кыргызстанда былтыркыга салыштырмалуу чөптүн жана дан эгиндеринин баасы эки эсе кымбаттаган. 

«Өткөн жылы ушул маалда бир түк чөп 130-140 сом болсо, азыр 230 сомго жетти. Бүгүнкү күндө арпа 20-21 сом болуп жатат, былтыр 10-11 сомдон сатканбыз. Баалар тынымсыз өсүүдө. Ун комбинаттары буудайды 22-23 сомдон алууда, өткөн жылы 14 сом эле», — деди Какштыкс.

Ассоциация өкүлү кээ бир аймактарда кырдаал жан кейитерлик экенин айтып, суу жоктугунан сугат жерлер куурап калганын белгиледи.

Ал эми Токтогазиев жемдин кымбатташы жумуртка, сүт, эт жана башка азыктардын баасынын жогорулашына катуу таасир этерин эскертет.

«Маселе аябай маанилүү, бул биринчи кезектеги приоритет болуп каралышы керек. Мамлекеттик органдарды реформалоо, түзүмдөрүн өзгөртүү менен эртең элди бага абайсың», — деди Токтогазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости