www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актоо эмес, тактоо иретинде ИИМ министринин орун басары, полковник Нурбек Абдиев тууралуу маалымат берип коюуну чечтик. Анткени акыркы күндөрү атайын кимдир бирөөлөрдүн буйрутмасы менен полковник тууралуу туура эмес, жалган маалыматтар жазылууда. «Жакшы адамга сөз эле эмес, чөп да жармашат» дегендей, эми Эл аралык «Cапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси, Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин негиздөөчүлөрүнүн Орхан Инандынын жолголушуна күнөөлөп, жок жерден эле сөз жармаштырып, коомчулукка кеп таштап коюшууда.

Кеп болуп жаткан Орхан Инандынын жоголушу тууралуу маселе Жогорку Кеңештин укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде каралганда, ал жерге Нурбек Абдиев барып, депутаттардын суроолоруна жооп берген. Анда ал бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигине кат жөнөтүлгөнүн билдирген. «Орхан Инандынын элчиликтин имаратында экенин жубайына ким айтканын тактоо үчүн Рейхан Инанды менен да сүйлөшүү болгон.

Ал эми Түркия элчилиги Орхан Инандыны алардын имаратында эмес экенин айтты. А биз элчиликтин имаратын кирип кароого укугубуз жок. Ошондон улам дипломатиялык каналдар аркылуу гана иштеп жатабыз. «Орхан Инанды башка документ менен Кыргызстандан чыгып кетти» деген имиш болгондуктан Интерпол аркылуу Россия жана башка мамлекеттерге багыттама берилди» деп айткан.

Баскан жолу, жасаган иши

Эсиниздерде болсо керек, ИИМ министринин орун басары болуп ушул жылдын 4-апрелинде келген. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол коюп, аны министр Улан Ниязбеков курамына тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалаган. Ага чейин ал ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары, кийин начальниги болгон. Жакшы иштеги үчүн кызматтан кызматка көтөрүлүп келе жатат да. Мына баскан жолун, иштеген кызматын караӊыз:

Милициянын полковниги Нурбек Абдиев 53 жашта, 1968-жылы 4-августта туулган. Жогорку билимдүү. КУУнун юрфагын аяктаган. Ички иштер органдарында 1999-жылдан бери кызмат өтөп келет.

Эмгек жолун Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүндө кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлүнөн баштаган: ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, милициянын айылдык бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген. Андан кийин Аламүдүн РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси, Чүй ОИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Чүй ОИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы, Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары, кийин жетекчи, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары, кийин кызматтын башчысы болуп эмгектенген.  «Эрдик» мамлекеттик медалы жана башка дагы бир топ сыйлыктарга ээ.

Кылган иши жемиштүү, жеӊиштүү болгон үчүн кызмат ордуна кимдир бирөөнүн көзү күйүп, жаны калбай жамандатып жаткан кези. Эмне дейбиз, «ит үрө берет, кербен жүрө берет» дегендей, Нурбек мырзанын кербени жүрө берет. Ишине ийгилик каалайбыз!

Гүлжан КАРИМОВА

Булак: NazarNews.kg

Последние новости