www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арыба ардактуу мекендеш! Амансыңбы?

Мен саясий туткун Кудайберген уулу Тилекмат Жапаров Садыр Нуркожоевичтен жана анын тарапташтарынан кечирим сурайм! Садыр Жапаровду сындаганым үчүн, өлкө башчысын ар дайым «ЗЕК» деп жазганым үчүн кечирим сурайм! Көрсө С.Жапаров «ЗЕК» деген сөзгө дагы татыксыз экен. Көрсө, «ЗЕК» калп сүйлөбөйт, сөзүнө турат жана бирөөнү ушактабайт экен. Тилекке каршы, С.Жапаров мындай сапаттардан алыс, ал ар дайым калп айтат, алдайт жана ушак менен алек.

Мен мыйзам боюнча 17.12.21-жылы жатак абагына же 17.03.22-жылы шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда (УДО) бошошум керек эле. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен бошотпой келет.

Садыр Жапаров бир нече ирээт айткан «эч кимге саясий куугунтук болбойт» деген сөзүнө турган жок. Мени мыйзамсыз камасаңар дагы мыйзамдуу бошотуп коюшуңарды талап кылам. Менин укуктарым бардык жактан тебеленип жатканын эскертем.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич эгер сиз өмүр бою кароолчулардын жана кошоматчылардын коштоосунда жүрөм десеңиз жаңылышасыз. Тез эле адамдар сизге кол сунуп учурашкандан, керек болсо жаныңызга тургандан уялып, жийиркенип кала турган учур келип калат. Ошондо мен сиз менен эсептешем!

Сен бул жашоого келгениңе өкүнүп кеткидей эсептешем. Балаңа берген каным көзүңөн аккыдай эсептешем. Албетте, өмүрүң узун болсун. Бирок менин эсептешчү күнгө чейин өлүп калсаң мүрзөңө барып жөн жаткызбайм. Кабырыңа барып ата-энеме, бала-чакама көрсөткөн зулумдугуңду айтам. Апамдын ар бир тамган көз жашын кабырда жатканыңда айтам.

Эмне себептен өлкө байлыгын мите курттай соргон Т.Сарпашов жана жемкорлугу далилденген депутаттар Ражабалиев менен Боромбаев 260 000 сом төлөп чыгып кетишет. Өлкөгө 1 сом зыян алып келбей эмнеге мен отурушум керек. 260 миң сом бүгүнкү күндө 3 телефондун наркы.

Эмне себептен кылмыш үстүндө кармалган Октябрь райондук зам.прокурор Алтынбек Айдаров бошоп кетиш керек дагы мен оор кылмыш жасаган киши катары камалышым керек!

Эсиңде болсо мага «бийликти күч менен басып алууга аракет кылды, чакырык жасады» деп айып тагылган. Мен Акүйдүн алдына таш түшүргөн эмесмин, үйүмдү тинттирип эч нерсе тапкан жоксуң, эч кандай аудио видео далил жок. Акүйдүн тосмосун аттаган жокмун. Бийлигиңди басып алууга чакырык дагы, аракет дагы кылган эмесмин. Болгону пост жазгам.

Баардык саясий куугунтуктун артында ким турбасын, буйрукту ким берип ким аткарбасын тергөөнү ким бурмалабасын кесепети сизге тийет. Сиз жооп бересиз! Жеке мен сизден сурайм. Сизге чейинки президентткрдин саясий куугунтук кылган, буйрутма адам өлтүрүүлөрдүн башында турган серый кардиналдары, генералдары өлсө дагы шаан-шөкөт оркестрдин коштоосунда узап жатат.

Тергөөнү бурмалаган генпрокурору менен оң колу бүгүн депутат. Ал эми ошол президенттин УКМК башчысынын акыбалы кандай экенин жакшы билесиз. Ар бир мыйзамсыз камоонун, саясий куугунтуктун терс кесепетин тарых сизге ыйгарат.

Коррупционерлерди мамлекеттин эсебинен кармаганда эмне пайда дедиңиз эле. Кунөөсү жок отурсам пайда келип жатабы? Өзүң жакшы билесиң көргөнсүң. Бүгүнкү күндө түрмөдө отургандардын 25%ын бүгүн бошотуп жиберсе болот. Дагы 25%ын биринчи жолу оор эмес кылмыш кылганы үчүн айып салып же шарттуу түрдө (условно) соттосо болот. Же карапайым элдин балдары түрмөдө отурганда элге пайда алып келип жатабы?

Жалаң билимсиз, паракор, сапатсыз тергөөчү, прокурор, соттордун азабын карапайым эл тартарын өз көзүң менен көргөн адам катары түрмөдөгүлөрдүн жарымын бошотуунун жолун тап! Ал мүмкүн.

Сиздин жаныңыздагылар ырайымыңызды жана амнистияны бизнес кылып алышкан. Жыйынтыгында багы жокко дагы жок жүздөгөн кембагалдар КПсы же УДОсунун мөөнөтү келсе дагы эч себепсиз же ар кандай шылтоолор менен чыгалбай жатышат. Адам укугу массалык түрдө бузулуп жатат.

Адилетсиз, ырайымсыз падыша кудайдын каарына калат, батасы кабыл болбойт. Алланын жардамынан куру калат. Адилеттүү падыша кыяматта Алланын арышынын көлөкөсүндө болот, дубасы кабыл болот, кылган ишинде береке болорун менден жакшы билесиз. Бүгүн дагы кеч эмес. Эл сизден адилеттүүлүктү күтөт. «Эмне кылсаң дагы элге жакпайм» деп көп айтасыз. Падыша адилеттүүлүктөн тайса Асман шаарынан алтыны курсаңар дагы элге жакпайт, Кудайга жакпайт.

Ташиев, Ниязбеков, Бөлтүрүк, А.Жапаровдорго таянбаңыз! Сиздин таянганыңыз, ишенгениңиз Аллах жана эл. Ошондо утасыз. Азыр дагы кеч эмес. Түйшүктүү жана жоопту ишиңизге албан ийгилик каалап урматым менен Тилекмат

Саясий туткун Тилекмат Кудайбергенов:

«С.Жапаров “ЗЕК” деген сөзгө дагы татыксыз!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости