www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда чет өлкөлөрдө жашап жүргөн кыргыз жарандары 11-апрелде өтө турган референдумга катышуу үчүн 27-мартка чейин каттоодон өтүшү зарыл. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 28 мамлекетте 48 добуш берүү участкасы түзүлдү.

"Мыйзамга ылайык, чет өлкөдө иштеп, окуп жүргөн жарандарда шайлоочулар тизмесине кирүү үчүн милдеттүү түрдө консулдук жана биометрикалык каттоосу болушу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал үчүн кыргызстандыктар добуш берүүгө 15 күн калганга чейин, тагыраагы, 27-мартка дейре арызын тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

ТИМден кошумчалашкандай, 11-апрелде өтө турган референдумда шайлоочулардын тизмесине кирген жарандар гана добуш бере алат.

Референдумда Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору үчүн макулдук берип же каршы пикир билдирүү керек. Сунушталып жаткан Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости