www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны Баткен облусунда өтүп, ага ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев жана БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова катышты.

Административдик ресурска катуу тыюу салынарын, шайлоо таза өткөрүлөрүн маалымдаган Суваналиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар талаптарды койду:

-Талапкерлердин үгүт иштерин жүргүзүүсүнө бирдей шарт түзүп берүү;

-Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандарды каттоодон өткөрүү;

-Шайлоочулардын тизмесин тактоодо, каза болгон жарандар боюнча буга чейинки орун алган кемчиликтерди жоюу;

-Пандемияга байланыштуу санитардык талаптарды камсыз кылуу;

-Шайлоонун эрежелери боюнча маалыматтарды элге үзгүлтүксүз жеткирүү;

-Жергиликтүү ЖМКлар тарабынан талапкерлерге бирдей эфирдик убакыт берүү;

-Светтик өлкө катары дин өкүлдөрүн шайлоого аралаштырбоо, гендердик теңчиликти сактоо;

-Үгүт иштерине жашы жете элек балдарды аралаштырбоо;

-Административдик имараттарга үгүт жарнактарын илбөө;

-Бюджеттик мекемелерде талапкерлер менен жолугушууну иш процессине зыяны тийбегидей уюштуруп берүү;

-УКМК, прокуратура, ички иштер башкармалыгы добуш сатып алууга жол бербөө, эгер мындай фактылар катталса катуу чара көрүү.

Белгилей кетсек, бул жолку шайлоодо облус аймагында референдум боюнча 218, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча 201 шайлоо тилкеси иштейт.

Маалым болгондой, шайлоочулардын экинчи тизмеси да 11-мартта толук такталып, 278 миң 837 адамды түзгөн. Ал эми референдумга 299 миң 653 адам добуш берет.

Шайлоо убагында коомдук тартипти камсыздоо ички иштер органынын 900гө жакын кызматкери иш алып барат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости