www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Марипов: «Бишкектин ордуна жаңы шаар курулат»

Премьер-министр Улукбек Марипов «Бишкек башкы архитектурада» өткөн көчмө жыйында референдумдан кийин Кыргызстанда жаңы шаар куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Отурумда Бишкектин курулуш тармагындагы көйгөйлөр талкууга алынды.

«Бүгүнкү күндө баш калаада мектеп же бала бакча курууга жер жок, ал эми көп кабаттуу турак үй салуу үчүн жер табылат. Урматтуу бизнес өкүлдөрү жана жетекчилер, муну эске алуу зарыл. Шаардын ичи күн сайын тарып бара жатат. Өкмөт референдум өткөндөн кийин республиканын беш жылдык өнүктүрүү планын кабыл алууну көздөп жатат. Ошондо жаңы шаар куруу боюнча долбоорун кароо жана ири инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн. Кошуна өлкөлөрдө административдик борборлор, жаңы инфраструктуралар бар. Мунун баары каражат, инвестициядан көз каранды», — деди Марипов.

Ал ошондой эле Кыргызстанга ири инвесторлор келүүгө ниеттенип жатканын, андыктан көпкө кармап жатып албай жана ички инвесторлорду «коркутуп» албоо керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости