www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргызтадын жарандарынын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында чет мамлекеттерге бара жаткан кыргызстандыктар үчүн эскертме иштелип чыкты.
Министрликтен билдиришкендей, бул эскертме чет өлкөгө кирүү, убактылуу болуу жана жашоо маселелери боюнча актуалдуу төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- Эмгек миграциясына кантип даярдануу керек жана өлкөдөн чыгуу алдында эмнелерди билүү зарыл, бара турган жердин шарттары, мыйзамдарынын жана каада-салттарынын өзгөчөлүктөрү, эмгек мыйзамдары тууралуу маалыматтарды камтыйт. Мындан тышкары, Кыргызстандын жакынкы элчилигинин байланыш дарегин таап, сактап алуу, туугандарына жана жакындарына дарегин билдирүү, үйдөн тышкары жүргөндө паспортторун жанына алып жүрүү, бардык документтеринин көчүрмөсүн жасап, сактап коюу, тез жардам жана полициянын номерлерин сактап алуу ж.б.у.с. керектүү кеңештер берилген.
Эскертме Кыргыз Республикасында USAID, Winrock International жана Прогресс фондунун колдоосу менен «Чет өлкөгө иштөө максатында бара жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык кампания» долбоорунун алкагында басылып чыкты.
Булак: NazarNews.kg