www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров кыргызстандыктардын чет мамлекетке барууга виза алуу үчүн Казакстандын аймагына кирүүгө уруксат сурады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Мадмаров 25-июнда кыргыз тараптын демилгеси менен Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушкан.
Анда тараптар коронавирустан улам чек арадан өтүү маселелерин талкуулашкан.
"Министрдин орун басары чет мамлекетке кетүүгө виза алуу үчүн Нур-Султан жана Алматы шаарларына бара жаткан кыргызстандыктардын Казакстанга кирүүсүнө компетенттүү органдардан уруксат алууга көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди. Мадмаров бул маселе учурда чет өлкөгө билим алууга кете турчу кыргызстандыктар үчүн маанилүү болуп жатканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Андан соң аталган маселе боюнча тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Бескенулы Тлеубердиге жазган кайрылуу каты тапшырылган.
Элчи Жошыбаев Казакстандын аймагына кирүү чечимин атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия кабыл аларын айтып, кыргыз тараптын бул кайрылуусун комиссиянын кезектеги жыйынында бере турганын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg