www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-январда Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов  парламентте былтыркы Январь окуяларына катышкан чет өлкөлүктөрдүн арасында кыргыз жарандары дагы болгонун айтты.

Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын башкы прокурору Берик Асыловдун Январь окуяларына кыргызстандык жарандар дагы катышканы тууралуу айткандарын четке какты. Министрликтин билдирүүсүндө Кыргызстандын бир дагы жараны Казакстандагы бир дагы митингге, баш аламандыкка, талап-тоноочулукка аралашкан эместиги айтылган.

"Министрлик Казакстандагы былтыркы кейиштүү окуяларга кыргыз жарандарынын кандайдыр бир тийиштиги бардыгын караманча четке кагат. Ошону менен катар эле Кыргызстандын эки жарандын калайман баш аламандык фактыларына байланыштуу козголгон кылмыш иштерин тергөөдө жоопко тартылып, шартуу жаза чегерилген. Бул жарандар өздөрүнөн көз каранды болбогон жагдайда кайсы бир эпизоддорго кокусунан аралашып калган. Башка кыргыз жарандарынын күнөөсү жана жоопкерчилиги далилденген эмес. Кыргызстандын бир дагы жараны Казакстандагы бир дагы митингге, калайман баш аламандыкка, талап-тоноочулукка аралашкан эмес",-деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости