www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рахмондун бийлиги кайсы бир деңгээлде ооганстандык «боевиктер» жана ар түрлүү топтор менен байланышы бар. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине актвист Тимур Саралаев билдирди.

- Эмне үчүн Тажикстан Кыргызстанга жасаган агрессиясында атайын террористтик уюмдарды жалдады?

- Рахмондун бийлиги кайсы бир деңгээлде ооганстандык «боевиктер» жана ар түрлүү топтор менен байланышы бар. Учурда, Ооганстандагы талиптер бийлиги менен күрөшүп жаткан Паншерлик тажиктер менен да мамилеси бар.

Ал эми Паншерде айтылуу Моджахедердин ана башчысы Ахмад Шах Масуд деген болгон. Ал 1989-жылга чейин Ооганстандагы советтик аскерлерге тынчтык берген эмес. Азыркы маалда пандшерлик тажик-моджахеддердин башчысы Ахмад Шах Масудун уулу, анын да аты Ахмад Шах Масуд. Ал жигит Тажикстанга байма-бай келип турат.

Менин оюмча, Баткенде Рахмон жана анын тегереги, төрөлгөндөн баштап курал менен өмүрүн өткөзүп жүргөн, Ооганстанда жана башка жерлерде жылдап согушуп жүргөн «боевиктер» колдонулса керек.

Анткени, ошолор гана катардагы жоокерлер кыла албаган мыкаачылыкты көрсөтө алышат. Мүмкүн алар мыкаачылыкты жергиликтүү тажик калкы катары көрсөткөнү келишкендир.

- Эмнеге министрлери баш болуп, жалган маалымат айтып, өздөрү баштаган ишти бизге шылтаганга ашыгып жатышат?

- Анткени, маалыматтык согушта ийгиликке жеткилери келди. Анткени, маалыматтык согуш да чоң куралга айланбадыбы. Рахмондун режими эл аралык коомчулукка жана тажик элине кыргыздарды агрессор катары көрсөткүсү келди.

Менимче, Рахмондун бийлиги биринчиден ички саясий-экономикалык маселелерден калкын алаксытып жана сырткы күчтөрдүн кайсы бир деңгээлде тапшырмасын аткаргандай. Мени кооптондуруп жатканы, чек араны жана аскер даярдыкты текшерүү болбосо экен.

Эмнеси болсо да, азыркы маалда бул маселеге жетекчилик жана мамлекет толугу менен башкача мамиле кылыш керек. Керек болсо тажик оппозициясын жана эркин ММКын колдоп туруш керек. 

Жетекчилик кол коюштук, кол алыштык дегенине  ишенбей  мамлекеттин бүтүндүгү болгон маселеде катуурак жана принципиалдуураак болушу керек.

- Президент БУУнун жыйынында маселени кабыргасынан коё алдыбы?

- БУУда президент маселени обьективдүү жана туура айтты. Дүйнө коомчулугу көңүл бура турган аянтчалардын бирден бири так ошол БУУун сессиясы. Албетте башка да уюмдар бар, бирок азыркы маалга ылайык эң абройлуу эл аралык аянтча ошол. Кыргыз эли Жапаровдун так ушул сөздөрүн күтүп турган, ал аны сезди, түшүндү. Менимче, жалпы элдин, мамлекеттин соңку окуяларга, Рахмондун саясатына карата болгон позициясын так жана даана белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости