www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик бийлиги аскердик кылмыштарын жашыруу үчүн бизге ар түрдүү жалган жалааларды жаап жатышат. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине  жарандык активист Төлөгөн Келдибаев билдирди.

- Төлөгөн агай, Тажикстан Кыргызстанга кол салганда неге террористтик уюмдарды жалдады? Эмнеге чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатышты?

 - Тажикстанда жарандык согуштун кийин талаа командирлери пайда болгон.  Ошолордун ичинен Баткен облусуна бастырып кирген тажик талаа командири генарал Шох Искандаровтун аскерлери келгени белгилүү болду. Мындан сырткары кыргыздарга мыкаачылык кылгандардын арасында Ооганстанда бийлик алмашууда Тажикстанга качып өткөн Панджерлик тажик улутундагы согушкерлер да болушу мүмкүн.

Анткени алар согуш тактикасын өздөштүргөн тажрыйбалуу согушкерлер. Мен 18- сентябрда Баткен районунун Төрт көчө жана Көк-Таш айылдарына чейин барып, жергиликтүү эл менен сүйлөштүм. Алар «ок атып жатса да качпай айылга кирип келишти. Наша тартып алышкан окшойт» деген пикирлерди айтышты.

Эми тажик бийлиги аскердик кылмыштарын жашыруу үчүн ар түрдүү жалган жалааларды жаап жатышат. Бирок, алар канчалык жандалбастаса дагы алардын айтканы чындыкка дал келбейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости