www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиядагы тажиктердин кыргыздын паспорттун каалаганындай алып, пайдаланып жатканында бир мандем бар. Бийлик ишенген Равшан Сабиров деген кайсы ооматтуу кызматта отурат. Ал «сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн» неме, түрмөнүн түбүндө отурса да «колуна карга чычып» турган буржуй. Иштебеген мыкты кызматы жок. Азыр, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору. Андан мурун деле вице-премьер жана башка ырыстуу жерлерде иштеп келген. Учурунда Вице-премьер-министр Равшан Сабиров белгилүү кримтөбөл менен байланышы бар деген кептер чыккан. Сабировдун айтымында, ал чындыгында эле мыйзамдагы ууру менен бир эле колонияда жаза өтөгөн, бирок абактан чыккандан кийин аны көргөн эмесмин жана байланышкан жокмун деп жанын жеген. Сарттарга ким ишенет?
Равшан Сабиров № 47 колонияда түрмөдө отурган. Ошол учурда булар спортко активдүү катышып, бардыгын чакырып, футболдук команда түзүп, шахмат жана волейбол ойночу. Абактан бошоп чыккандан кийин Равшан Сабиров белгилүү кримтөбөл же болбосо ага караштуу адамдардын бири менен дагы байланышкан жокмун деп танып жүрөт. Буга чейин социалдык тармакта Равшан Сабиров жана мыйзамдагы ууру менен уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөру менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланган.
Равшан Сабиров менен кошо Алтынай Өмүрбекованы тууралуу сөз кылып кетпесек болбойт. Анткени ал мурун Равшан Сабировго окшоп вице-премьер болсо, ал эми азыр ЕЭКтин эмгек миграция департаменттин жетекчиси болуп турат. Көп нерселерге көп деле көңүл бургусу келбейт. Өзүн Египеттин фараонундай сезген Бабанов деген кылтыйма бар. Бул иштесе, президент же премьер-министр, же күчтүү фракциянын жетекчиси болуп гана иштейт. Башка иштерди кепек ордуна да көрбөй кол шилтеп койот. Бабанов Атамбаевди «абилеп» жүрүп жакшы мансаптарга жеткен. Жээнбеков экөө мышык-чычкандай аңдышып калган. Жапаровко президенттикти алдыргандан бери «мунжу болгон жөжөдөй» муңканып калган. Ал кандосу Руслан Казакбаевди Тышкы иштер министри кылган, бирок ал Бабановдун айткандарын кылып жүрүп кызматынан ала-салган. Руслан Казакбаев менен бирге анын келини Алтынай Өмүрбекованы Атамбаевдин көтөрмөлөөсүндө өкмөттүн вице-премьерине чейин жеткизген, эми ЕЭКтин эмгек миграция департаменттин жетектетип чалчактатып койгон. Чалчактаганы, чалчактаган ЕЭКтин эмгек миграция департаменттин жетектеп айлыгын рубль менен солоп жатканы менен эмне иш бүтүрдү?
«Кыргыз менен тажик элинин ортосундагы турмуштук көйгөйлөрдү дипломатиялык жолдор менен чечүү үчүн биздин бирикме бардык күчүн жумшайт" деп каңгырап жүргөн Кыргыз өлкөсүндөгү тажиктердин Абуабдулло Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин жетекчиси, Атамбаевдин убагында пара менен кармалган, азыр Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директоруна жылган Равшанбек Сабиров.
"Кыргыз-тажик мамилелери учурда абдан жакшы өнүгүп жатат. Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал райондорунда этникалык кыргыздар, ал эми Кыргыз жеринде 50 миңден ашуун тажиктер жашашат. Ооба, Баткен облусунда кыргыздар менен тажик элинин ортосунда кээде турмуштук көйгөйлөр жаралып калып жатат. Биз тууган эл экенибизди унутпашыбыз керек. Достугубуздун 1000 жылдык тарыхы бар. Алсак, улуу "Манас" эпосундагы Санирабига эжебиз акылдуулугу, мээримдүүлүгү менен кыргыз элинин урматына алынып, Каныкей деген ысымга ээ болгон. "Манас" эпосун тажик тилине которуу алгачкы кадамыбыз. Буюрса, кийинчерээк "Семетей", "Сейтек" эпосторун которуу пландарыбыз бар", - дейт Р. Сабиров. Кыргыздын улуу "Манас" эпосу тажик тилине которулуп, 500 нускада басылып чыкканы бүгүнкү маалымат жыйында белгилүү болгон. Албетте, мурунтан бери эле азыр Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров ушинтип саймедиреп келатат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg