www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жабыркаган 9 миң 831 үй электр жарыгына кошулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Баткен облусунда абал салыштырмалуу туруктуу. Айрым чек арага жакын жана куралдуу кагылышуу болгон аймактарда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

“Негизинен Энергетика министрлигинен келген топтор айылдардагы жабыркаган электр чубалгыларын оңдоо боюнча кызуу иштеп жатышат. Азыркы учурда 9 миң 831 үй электр жарыгына туташтырылды”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости