www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Материалдык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөр эң жогорку деңгээлге жеткен 21-кылымда жер шарынын калкынын бештен бир бөлүгү дагы эле ачарчылыктан жана жакырчылыктан жапа чегип жатканы кабыл алынгыс. Бул тууралуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган кечээ, 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Коронавирустун пандемиясынан улам жеткирүү чынжырындагы үзгүлтүккө учураган глобалдык экономиканын Орусия-Украина согушу менен дагы бир сокку толкунуна кабылганына көңүл бурган президент Эрдоган:

«Энергетикага, азык-түлүккө жана чийки затка баанын өсүшүнөн келип чыккан инфляциялык басым дүйнө жүзү боюнча бардык экономикаларга жана социалдык бакубаттуулукка терс таасирин тийгизүүдө. Өзгөртүүлөр энергия менен камсыздоонун коопсуздугунун маанилүүлүгүн кайрадан күн тартибине койду. Биз энергетика маселесин ар дайым атаандаштык эмес, кызматташтык чөйрөсү катары карап келгенбиз. Биз өзүбүздүн муктаждыктарыбыздан тышкары аймактык жана глобалдык энергетикалык коопсуздукту колдоо боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырдык. Бул кадамдардын тууралыгы жана маанилүүлүгү акыркы окуяларда өзүн көрсөттү.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө дүйнө башынан кечирип жаткан кырдаал азык-түлүк коопсуздугун тобокелге салып жатат.

«Материалдык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөр эң жогорку деңгээлге жеткен 21-кылымда жер шарынын калкынын бештен бир бөлүгү дагы деле ачарчылыктан жана жакырчылыктан жапа чегип жатканы кабыл алынгыс. Акыркы өзгөртүүлөр менен дүйнө 2030-жылга чейин ачарчылыкты нөлгө түшүрүшү керек болгон туруктуу өнүгүү максаттарынан алыстап баратат», - деди Эрдоган.

Анын айтымында, адамзаттын алдындагы бул караңгы көрүнүштү үмүт нуру менен жарыктандыруунун бирден-бир жолу – чынчыл жана адилеттүү мамиле менен эл аралык кызматташтыкты жана тилектештикти бекемдөө.

 «Биз орток тагдырыбызга таасир эткен көйгөйлөргө каршы орток күн тартиби менен иш алып барууга туура келген мезгилге кирдик», - деди түрк лидери.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости