www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык көзөмөл комитетин Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бир катар мүчөлөрү тинтүүгө жана камакка алынышы тынчсыздандырат.
2022-жылдын 22-октябрында Өзгөн шаарында өткөн курултайда 2022-жылдын 15-октябрында кабыл алынган токтомдун негизинде Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөн. Комитеттин курамына бир катар укук коргоочулар, саясатчылар, активисттер жана кызыкдар жарандар кирди.
Комитеттин курамы:
Конституциялык соттун экс-мүчөсү Клара Сооронкулова;
укук коргоочу Рита Карасартова;
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева;
БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева;
Оштук активист Гүлгакы Мамасалиева;
жарандык активист Перизат Суранова;
экс-депутат Ыргал Кадыралиева;
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева;
саясатчы Равшан Жээнбеков;
Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаев;
Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Бектур Асанов;
экс-депутат Кубанычбек Кадыров;
активист Жеңиш Молдокматов;
экс-депутат Канат Исаев;
Каржы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев;
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров;
депутат Исхак Масалиев;
Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси Азимбек Бекназаров;
Кыргыз Республикасынын Түркиядагы мурдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мамбетжунус Абылов;
экс-депутат Орозайым Нарматова жана башкалар.
Эртеси, 2022-жылдын 23-октябрында, жекшемби күнү таң эрте Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Клара Сооронкулова, Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Равшан Джеенбеков, Эрлан Жээнчороев, Перизат Суранова, Али Шабдан жана башкалардын батирлеринде дана үйлөрундө укук коргоо органдары массалык тинтүү иштерин жүргүздү. Тинтүү иштери ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору У.Жапеков кол койгон тинтүү жүргүзүү жөнүндө токтомдун негизинде жүргүзүлгөн. Анда «КР Кылмыш-жаза кодексинин 36, 278-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарын карап чыгып, кылмыш жасоого даярдануу - атап айтканда, кылмыш жасоого даярдануу фактысы боюнча - зордук-зомбулук, погромдор, өрттөө, мүлктү жок кылуу, ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү колдонуу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруу же бийлик өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү». Белгилей кетсек, тинтүү тергөө судьясынын санкциясысыз жүргүзүлгөн.
Бийликтин бул аракеттерин биз Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликтин аракеттерине сын жана тынчсыздануусун билдирген жарандарды ачык куугунтуктоо жана коркутуу катары баалайбыз.
Ушуга байланыштуу Граждандык контроль комитети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан төмөндөгүлөрдүу талап кылат:
Куугунтуктарды жана кысымдарды, анын ичинде укук коргоочуларга жана жарандык активисттерге алардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө байланыштуу кылмыш иштерин тез арада токтотуу. Кемпир-Абад маселеси боюнча өзүнүн мыйзамдуу жарандык позициясын билдирген жарандарды куугунтуктоо токтоосуз түрдө токтотулсун.
Бардык саясий туткундарды дароо бошотуу жана саясий репрессияларды токтотуу. Адам укуктарынын мыйзамдуу ишмердигине кийлигишпөө кепилдиктерин берүү, укук коргоочуларды жана жарандык активисттерди дискредитациялоо кампаниясын токтотуу.
Булак: NazarNews.kg