www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сургут шаарында өрттөн каза болгон кыргызстандык балдардын апасына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Россиянын маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз жаранына “Эки же андан көп баланы этиятсыздыктын натыйжасында өлүмгө алып келүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөөчү аны камакка алууну талап кылган.
Ал эми өрт үйгө коюлган эки жылыткычты көтөрө албаган электр зымдарынын чыңалуусунан келип чыккан. Балдар күйүп жаткан үйдөн чыгууга аракет кылышып, сырткы эшик кулпулангандыктан алар үйдөн чыга албай калган. Балдардын атасы Кыргызстанда мекенинде болгон, ал административдик укук бузгандыгы үчүн депортация кылынганы айтылат.
Белгилей кетсек, окуя 11-мартта болуп, анда үйдө чоңдордүн кароосусуз калган 8 жаштагы кыз жана 5 жаштагы бала күйүп кеткен. Апасы жумушка, ал эми чоң апасы бир нече күн мурда курбусунун үйүнө кеткени кабарланган.
Булак: NazarNews.kg