www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Милиция Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын Бек-Абад айылынын 23 жаштагы тургуну Розибаева Розахан Яхёевнаны издеп жатат.

Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришкендей, Розахан ушул жылдын 18-майында саат 10:00 чамасында “Тишимди дарылатып келем” деп үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Учурда Розибаева Розахан Яхёевнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 155-160 см, өңү сары жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, узун, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Башында кара жоолук, үстүндө күрөң түстөгү көйнөк (хиджап), бутунда ак түстөгү кроссовки болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Розахан Розибаева тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондорго кабарлап койсо болот: 102, (03748) 5 02 09, 0706 23 85 23, 0558 16 16 91.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости