www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия шаардыктарды ичүүчү сууну үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, учурда шаар боюнча абоненттердин саны 270 342 миңди түзөт. Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр 263 286 миң абонентти түзгөн. Жылдык өсүш 7%ды түздү. Ошол эле учурда абоненттердин ичүүчү сууну пайдалануусу да өсүүдө.

ЖЭБди өчүрүү учурунда ичүүчү суунун чыгымы кыйла көбөйөт. Бул жагынан сууну үнөмдөп, рационалдуу пайдалануу маанилүү. Суу чектелген ресурс жана аны үнөмдүү пайдалануу чоң мааниге ээ экенин эстен чыгарбоо керек.

“Бишкексууканал” башкармалыгы абоненттерди суу ресурстарына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана аны сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

- Идиш жууп жатканда же тишиңизди жууп жатканда кранды өчүрүңүз. Крандагы тынымсыз аккан суу текке кетиши мүмкүн. Бул жөнөкөй процедуралар учурунда кранды өчүрүү сууну бир топ үнөмдөөгө жардам берет.

- Кир жуугуч жана идиш жуугуч машинаңыздын толук кубаттуулугун колдонуңуз. Бул аппараттарды кир кийимдердин же идиштердин толук комплекти менен иштетүү сууну үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.

- Эгерде сиздин үйүңүздө же турак жайыңыздын айланасында суу агып жатса, аны оңдоо керек.

- Жашыл жерлерди сугаруу түнкүсүн гана жүргүзүлүшү керек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости