www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Region.tv сайтынын жетекчиси Өткүрбек Рахмановдун маалыматына ылайык, Камчыбек Ташиев өзүнүн кызматтан алынганы тууралуу президенттин жарлыгы жарыялангандан кийин гана кабардар болгон.

Анын айтымында, бул чечим алдын ала маалымдалбастан кабыл алынган.

Эске сала кетсек, президенттинин жарлыгына ылайык Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынан алынган. 

Андан соң,  УКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов Курванбек Рахманович, УКМК төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору Рысалиев Даниэл Ормонбекович, УКМК төрагасынын орун басары — Антитеррордук борборунун директору Сманов Элизар Мухамедкулович кызматтан алынды.

Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулгандан кийин, ордуна Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

 

Последние новости