www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мүмкүнчүлүк бар кезде Кытайдын карызын төлөп, кутулуп салалы деген маселени көтөрдү. Канткен менен чынында маанилүү маселени айтты. 

Эл өкүлү өз сөзүндө: "Эмне үчүн азыр Кытайга болгон 1,8 миллиард долларды төлөп салбайбыз? Көп болсо 26-27 тонна алтын кетет экен. Тарыхта эки тонна алтын менен деле жашаганбыз", - деп билдирди.

Мындай демилге, сунушка Финансы министри Бекетаев Кытайдын эле эмес, өлкөнүн бүтүндөй карызын төлөп салсак болоорун, бирок пайыздык көрсөткүчтөр өзгөрүп, кымбат болуп калаарын айтты. 

Ал эми Түлөбаев баары бир эмнеси болсо да Кытайдын карызын төлөп салган жакшы болоорун, коңшуларга карызы жок эле жашаган жакшы экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости