www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизи бул маалыматты чыгаруунун кажети жок болгону менен коомчулукка кызыктуу болсо керек. Ак үйдө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айланасында чарк айланып жүргөндөрдүн эки жүздүүлүгүн эки дос билип алса жакшы болмок. Себеп дегенде душман алыстан келбейт. Сырыңды билип, сыйыңды көрүп, колтугуңда жүргөндөрдөн чыгат. 

Ушул тапта эки достун жанында жүргөндөр Кыргызстандагы болгон мазарга барып, бири 7 топоз сойсо, бири Кочкор-Атага барып жылкы союп, “президент болуп калайын” деп бата-тилек сурап жүргөнү кандай? Өлкө башчылардын айланасындагылар кара дуба менен алектенип жатышканы жакшылыктын жышааны эмес. 

Айтылуу шам жаккыч, бүбү-бакшы айтымчылардын айтканы болуп кетсе, элдин баары президент болуп, арты депутат болуп олтурбайт беле? Көзү ачык  менен молдо кожонун дубасы убактылуу болушу мүмкүн. Бирок эртеңки күнү оор трагедия менен аякташы жүз пайыз турган иш. Себеби, Жаратканга жакпаган иштин келечеги болбойт. 

Андыктан көзү ачыктар менен молдо кожого барып, “күф-сүф” кылганды токтотуп, ар бир чыккан маалыматты аңдып отурбай, мамлекетке салым кошкула!Уялгыла! Дубадан үмүт кылбай, ак эмгек кылып, үзүрүн Жараткандан тилегиле. Ниет, пейилиңерди оңдоп, карасанатайлык оолак болгула. Антпесе, түптүз кургуйга куласаңар, кайра чыгышыңар кыйын. 

Баса, силер президент болгондон Кудай сактасын ау! Өз башыңар менен кетсин!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости