www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык ЖМКлардын маалыматы боюнча, АКШ буга чейин Украинага көрсөткөн аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардамдын көлөмү 100 миллиард доллардан ашкан.

АКШ конгресси тарабынан Киевге жардам берүү үчүн макулдашылган каражат дээрлик түгөнүп калды. Бул тууралуу америкалык президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан эскертти.

Бирок Президент Жо Байден кечээ конгресстен Израиль менен Украинага жардам көрсөтүү үчүн болуп көрбөгөндөй чоң сумманы, 105 миллиардга жакын долларды макулдашууну суранды.

Деген менен Өкүлдөр палатасы аны карай албайт, анткени алкызматтан алынган спикер Кевин Маккартинин ордуна башкасын шайлай элек. Өтүнүч убактылуу спикер болуп шайланган Патрик Макгенриге жолдонгон, бирок анда бул маселени чечүү үчүн жетиштүү ыйгарым укуктары жок.

Буга чейин Байден конгресстен Украинага 24 миллиард жардам сураганда республикачыл конгрессмендер Киев үчүн каражат камтылган бюджетти бекитүүдөн баш тартып, иш токтоп кала жаздаган. Жыйынтыгында Украина үчүн каражат каралбаган бюджет кабыл алынып, Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин МакКарти кызматынан кол жууган.

Учурда АКШнын Украинага бере турган жаңы каражаты жок, ал эми мурда макулдашылган каражат кыска мөөнөткө гана жетет. Америкалык басылмалардын маалыматы боюнча, АКШ буга чейин Украинага көрсөткөн аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардамдын көлөмү 100 миллиард доллардан ашкан.

Белгилүү болгондой, Киевди узак убакыт жөлөп-таяганга АКШнын акчасы жоктугун Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер брифингде айтты. 

Бул туурасында ал: "Акча Украинанын согуш талаасындагы муктаждыктарын жапканга жетет, бирок бул узак мөөнөттүү чечим эмес",— деген.

Жан-Пьердин айтымында, Ак үй Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккартинин убадасын эске алганда Украинага мурдагысындай эле керектүү жардам берилет деп ишенип турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости