www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигинин окурмандарына кайрылуу

Урматтуу NazarNews маалымат агенттигинин окурмандары! 

Министирлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген» деген жүйөөсүз себеп менен NazarNews.org маалымат сайтын Маданият министри эки айга бөгөттөдү. Учурда сайт ачылбай, иштебей калды. 

Белгилей кетсек, 11-октябрда NazarNews.org сайтына «Акылбек Жапаров качан «каралар» сыяктуу кечирим сурайт болду экен?» деген макалада Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун кадырына, беделине кандай сүйлөм, сөз шек келтиргени боюнча эч бир аргумент, же жүйөлүү себеп көрсөтүлгөн эмес. 

Ал жерде «Кыргызстанды 32 жылдан бери тоноп, ичип-жеген коррупционер аткаминерлердин ар бирин кечирим суратып, болгон мүлкүн мамлекетке конфискация кылса, эл колдомок» деген жалпы коррупцияга байланыштуу маани айтылган. Түздөн-түз Жапаровго тиешелүү, аны күнөөкөр көрсөткөн сүйлөм, же сөз жок.

Ошого карабастан, жогорку жактагы белгилүү адамдардын кийлигишүүсү менен маалымат өчүрүлгөн. Маданият министрлигинин талабы орундалды. Тилекке каршы, маалымат өчүрүлгөнүнө карабастан, сайтты жаап салышты. Бул анык кыянаттык, сөз эркиндигине болгон куугунтук, мыйзамсыздык, өзүм билемдик десек жарашат. 
Белгилей кетсек, Өлкө башчысы Садыр Жапаров буга дейре маалымат каражаттарынын бирине Акылбек Жапаров боюнча "анын коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин билем, менин жанымда жүрсө эле жоопкерчилик тартпай калат дебегиле" деген өңүттө айтканы бар. Бул Мамлекет башчысынын пикири. Ал сөзү азыр да жүрөт. 
Бирок, ак ийилет сынбайт демекчи, биз муну менен макул болуп, алакан жайып отуруп калбайбыз. 
Арийне, ушул жерден белгилей кетчү жагдай, NazarNews маалымат агенттигин колдогон орус тилдүү 24.kg, Azattyk.org, Т-Медианын журналисттерине жана Түркиядагы Habererk.com эл аралык агенттигине терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле Россия, Казакстан, Кытай мамлекеттериндеги кесиптештер колдоо көрсөтүп жатат.

Ал эми, ар кайсы саясатчынын кофесин тамшанып ичип, “сөлпүлдөп” сүрөткө түшө бербеген журналисттер, Назгүл Мамытова, Канышай Мамыркулова, Алмаз Темирбек уулу, Аслан Сартбаев, Кайыргул Урумканова, Сабыр Муканбетов, Лейла Саралаевага жана жаштардын арасында юридикалык жактан алдыга озуп келе жаткан чыгаан кызыбыз Таттыбүбү Эршебаевага жана социалдык тармактан мени колдоп жаткан жалпыңыздарга терең ыраазычылык билдиремин.

Сиздерди терең урматтоо менен Гүлжан Шерипбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости