www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин  дүйнөлүк лидер катары өзүн ааламга таанытты. Өзгөчө анын дүйнөнү эч ким жалгыз ээлик кылып башкарууга укугу жоктугу үчүн күрөшкөн, адилеттикти, тең салмактуулукту жактаган позициясы, дүйнөлүк масштабдагы көрөгөч саясаты катары көптөрдүн көзүн ачты десек жарашат. 

Мына айталы, азыркы кездеги Россия менен Украинанын ортосундагы согуштук жаңжал аймактык кызыкчылыктын кагылышы эмес, АКШ башында турган Батыш өлкөлөрүнүн бир полярдуу гегемониялык үстөмдүк саясатын орнотуу аракетине каршы, келечектеги дүйнө — көп полярдуу жамааттык чечимдердин дүйнөсү болушу керектигин жактаган күрөш. 

Башкача айтканда, Путин жалгыз өзү, кимдин эмне кылып, кантип жашаш керектигин үйрөтүп көнүп калган АКШ, Батыш өлкөлөрүнүн, бүтүндөй НАТОнун мизин кайтарган саясат жүргүзүп, алардын үстөмдүгүнө моюн сунбаган тең укуктуу дүйнөнүн болушун камсыз кылууга жан үрөөдө. Мындай саясат, алсыз өлкөлөрдү ар кандай шылтоо менен басып алып, жаратылыш ресурстарын талап-тоногон Америка башында турган Батышка жакпай жатат. 

Мына жакында эле Сочиде “Валдай” эл аралык дискуссиялык клубунун ХХ жыйынында Владимир Путин дүйнөнү кандай ракурстан кароо зарылдыгы боюнча олуттуу билдирүү жасады. Аныгында дүйнөлүк саясий кырдаалдын жагдайын алаканга салгандай түшүндүрүп берди. 

Арийне, Путиндин жыйындагы билдирүүлөрүнүн урунттуу учурларына токтолсок, Россия менен АКШ баштаган Батыштын ортосундагы Украина жаңжалына байланган тирештин түпкү мааниси, дүйнөлүк тартипти жаңылоого багытталган геосаясий, экономикалык кызыкчылыктардын кагылышынын тамыры эмнеде экени түшүнүктүү болот. 

Анда Владимир Путин дүйнөнүн көп кырдуулугу жалпы өнүгүүнүн пайдубалы болушу керектигин белгилеп, кайсы бир өлкө, башка өлкөгө, же калкка кантип жашоону таңуулай албай турган теңдикти камсыздаган тоскоолдуксуз чөйрө зарылдыгы тууралуу маселе козгогон. Мында маселенин өзөгүндө: "Келечектеги дүйнө — жамааттык чечимдердин дүйнөсү. Эч кимдин диктовать этип дүйнөнү башкарууга укугу жок", — деген ой айтылып, жалпы коопсуздук жана тынчтык бардык мамлекеттердин сый-урматы аркылуу түзүлөт деген маани камтылган. Башкача айтканда, бай же күчтүүрөөк өлкөлөр, башкалардын баш ийүүсүн талап кылганга акысы, укугу жоктугун Россия Федерациясы тең укуктуулукту жактай турганын билдирген болчу.
Бул сөзү аркылуу кандай гана жол менен болбосун өз кызыкчылыгын ишке ашыруу менен алек болуп калган Батышты колониялык доордогудай эки жүздүү саясатын сынга алган. 

Ырасында, кимдин эмне кылышы керектигин үйрөтүп көнүп калган Европа менен АКШга Россиянын президенти Владимир Путиндин мындай көп түрдүүлүктү жактаган тең укуктуулукту камсыздоого карата саясаты жакпай жатканы анык.

Демек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттердин эгемендүү тең укуктуулугуна, алардын өнүгүү моделин тандоо укугун урматтоого, эл аралык мамилелерде гегемонияны кабыл албоого жана ички иштерге кийлигишпөөгө негизделген адилеттүү жана туруктуу көп полярдуу дүйнөлүк тартипти түзүү боюнча Россиянын президенти Владимир Путиндин аракеттерин колдош керек.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости