www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газа тилкесине өзөктүк бомба таштоо - аймактагы азыркы кырдаалды өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон варианттарынын бири. Бул тууралуу Израилдин Иерусалим иштери жана жөөт мурастары боюнча министри Амикай Элияху жергиликтүү радиостанциялардын биринин эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Палестина анклавынын тургундары "же Иорданияга же чөлгө барышы керек". Мындан тышкары, министр Газага кандайдыр бир гуманитардык жардамдын киргизилишине макул эместигин билдирди.

Кийинчерээк Элияху өзүнүн билдирүүсүн жокко чыгарууга аракет кылды. X социалдык тармагында атомдук бомба тууралуу сөздөрү метафора экенин жазган.

"Атомдук бомба жөнүндөгү билдирүү метафора экени ар бир акылдуу адамга түшүнүктүү. Бирок биз [Израиль] терроризмге катуу жооп беришибиз керек", - деди министр.

Премьер-министрлик кеңсеси Элияхунун сөздөрү «чындыкка туура келбейт», Израил бейкүнөө адамдарга зыян келтирбөө үчүн эл аралык укук стандарттарына ылайык гана аракет кылып жатканын билдирди.

The Times of Israel гезитинин жазганына караганда, премьер-министр Биньямин Нетаньяху Элияхуну өкмөттүк жыйындарга катышууга белгисиз мөөнөткө токтотту.

Эске сала кетсек, өткөн айдын аягында Палестина бийлигинин өкүлү Израил Газа тилкесинде 18 миң тоннадан ашык жардыргыч зат колдонгонун, бул болжол менен 1,5 атомдук бомбанын кубаттуулугуна барабар экенин билдирген.

Алибек Бекжанов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости