www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча кол топтоо иштери аяктоо алдында турганын билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

«Азыр Сооронбай Жээнбеков президент жана премьер-министр болуп турганда кандай мыйзам бузуулар болгонун тактап жатабыз, 2020-жылы түшкөн каражаттар боюнча кол топтоо процесси дээрлик аяктап калды Бишкек ТЭЦиндеги авария», - деди ал.
Акылбек Түмөнбаев өз демилгесин парламенттин 28-февралдагы жыйынында көтөрдү. Анда депутат азыр камакта жаткан Бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду саясий айдыңга Жээнбеков алып чыкканын айтты. Жыйында Түмөнбаев депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Бирок ал кезде комиссия түзүү боюнча фракциянын чечими болгон эмес.
Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин, ошол күндөрү колониядан тарапкерлери тарабынан бошотулган Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин президенттиктен кеткен.

Эми экс-президент деген макамга Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева гана ээ. Мыйзамга ылайык, экс-президенттер өмүр бою кол тийбестик, мамлекеттик коопсуздук, медициналык тейлөө, айлык акы, мамлекеттик дачалардын бирине жана башка көптөгөн нерселерге ээ болушат. Ал эми мунун баары мамлекеттин эсебинен.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости