www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Корея биринчи жолу "Хвасон-18" континенттер аралык баллистикалык ракетасын учурду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттиги жазды.
Учурууну Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жетектеген. Анын айтымында, Хвасон-18 "өлкөнүн контрчабуулга ядролук соккуга даярдыгын" жогорулатып, "стратегиялык бөгөт коюучу күчтөрдүн курамын кескин түрдө кайра түзүүгө" мүмкүндүк берет. Ал "учуруунун натыйжаларына канааттангандыгын билдирди".
Түндүк Кореянын жээгинен 10 жана 335 км алыстыкта ракетанын эки баскычы деңизге түшкөнүн ЦТАК агенттиги билдирди. Өлкө бийлигинин айтымында, учуруу “коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугуна терс таасирин тийгизген жок”.
13-апрелде Түндүк Корея орто жана алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын Япония деңизин көздөй учурганын Yonhap агенттиги Түштүк Кореянын штаб башчыларынын бириккен комитетинин маалыматына таянып билдирген. Өлкөнүн жана АКШнын чалгындоо органдары ракетанын мүнөздөмөлөрүн талдай башташты.
Булак: NazarNews.kg