www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарынын алкагында уюштурулган жолугушууда эки тараптуу байланыштарды арттыруу маселеси талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.
Төрага Нурланбек Шакиев кыргыз-казак кызматташтыгы тууралуу кеп кылып: “Эзелтен канатташ жашаган эки элдин боордоштук, жакын коңшулук мамилесин арттыруу аркылуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Биз саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө жана өз ара ишенимге негизделген алакаларды чыңдоого ар дайым кызыкдарбыз”, – деди.
Маулен Ашимбаевдин Бишкектеги расмий сапары учурунда Казакстандын миграциялык саясатына тиешелүү мыйзам долбоорлорун кароодо кыргызстандык мигранттардын укуктук абалын эске алуу маселесине өзгөчө көңүл бурулганын айткан Нурланбек Шакиев бул жааттагы сүйлөшүүлөр жакшы чечилерине үмүт артарын кошумчалады. Айрыкча Жогорку Кеңештин төрагасы буга чейин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын өткөрмө жайларында орун алган тоскоолдуктарды мындан ары болтурбоо маселесине көңүл буруп: «Жакынкы аралыкта жер-жемиштерди экспорттоо иши жанданат. Андыктан, чек арадагы тоскоолдуктар товарлардын эркин жүрүүсүнө, айрыкча тез бузулуучу азык-түлүктөрдүн экспортуна терс таасирин тийгизбеши керек», — деди.
Өз кезегинде Маулен Ашимбаев мурдагы жолугушууларды каралган маселелердин үстүндө жасалып жаткан иштер тууралуу кеп кылып, кыргызстандык мигранттардын укуктук абалына байланышкан жагдай оң багытта чечилерине ишенерин билдирди. Ошондой эле эки өлкө ортосунда макулдашылган долбоорлор, анын ичинен Чолпон-Ата — Алматы автожолунун курулушу Казакстан үчүн да маанилүү экенине токтолуп, чек арадагы жагдай боюнча айтылган сунушту өз көзөмөлүнө аларын кошумчалады. Маулен Ашимбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевди Казакстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
Булак: NazarNews.kg