www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээтен бери Кыргызстандын жетекчилери расмий Өзбекстанга өткөрүп берген Кемпир-Абаддын Google картада коңшулардын аймагына кошулуп калганы боюнча социалдык тармактарда ичи ачышкан жарандардын нааразы пикирлери арбын айтылып, кызуу талкуу жүрүп жатат. 

Ал эми коомчулуктагы мындай ачуу нааразычылыктарга бийликтин троллдору дароо реакцияга кылышып, "Кемпир-Абад өз ордунда эле турат, Өзбекстандын картасына кошулган жок, Google расмий органдын позициясын билдирбейт", - деген өңдүү актанган, сын айткандарды бузуку дешип жугунду куйган, жалган маалыматтык манипуляция жасап эстери ооду. 

Чындыгында ичи ачышкандар дагы, актанып ичи өтүп жаткандар дагы Google карталарды өзгөртүп салыптыр деп теригиштин кереги жок. Биздин бийлик коңшуларга Кемпир-Абадды өткөрүп берген соң, интернет эмес, алдыда расмий карталар да өзгөрөт. Келишимге эки өлкөнүн бийлиги кол коюп, парламенти ратификациялаган. 

Ошол калың эл нааразы болуп, Кемпир-Абадды коргоо кыймылынын өкүлдөрү баары камалып жатканда эле, чек ара өзгөрөт, анын сызыгы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгиндеги Кыргызстандын бир топ айылдарына жакындап келээри айтылган. Бирок бийлик эч нерсеге карабастан саясий чечим кабыл алып, суу сактагычты өткөрүп берди. Эми миң жер муштасак дагы эч нерсе өзгөрбөйт. 

Элибиз төө кыядан өткөн соң оо дегениң курусун дешет, же болоору болуп боёсу кангандан кийин күйүп-бышкан менен маселе чечилбейт. Маселе чечилип калган эчак.

Мына эми жакында Google карта түгүл, эки өлкөнүн расмий карталары өзгөрөт. Ошондо чек ара сызыгы Кемпир-Абаддын жээгинде жайгашкан Кыргызстандын айылдарына чейин келет.

Келишимде көрсөтүлгөн 900 горизонталь 4485 гектар жерди ээлеп, чек ара сызыгы Правда айлынан 400 метр, Алгадан 700 метр, Кызыл-Октябрдан 300 метр жакын кыйгап өтүп, Кара-Дарыя куйган жерден Жаңы-Жол, Кашка-Терек, Айгыр-Жал айылдарынан 950 метр жакын барат. Суу сактагычтын жогору жагынан Ана-Кызыл айылана бир чакырым жанынан өтүп, жергиликтүү эл күрүч, шалы экен жердин бир канча бөлүгүн ээлейт. Ал эми Бишкек-Ош жолунан 250—300 метр чукул өтүп, Өзгөн шаарын алкымдап барат.

Айтор, алешемдиктерге жол берилген. Кемпир-Абаддын тагдыры чечилген. Эми жер сүзгөн менен эч нерсе өзгөрбөйт... жөнү жок жер сүзгүңөр келсе сүзө бергиле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости