www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу 2024-жылы аяктайт. Бул тууралуу брифингде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жолчу-инженери Куштарбек Аманов билдирди.
Анын айтымында, "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулуш долбоору 3 фазага бөлүнгөн. Биринчи, Кызыл-Жылдыз – Арал тилкесинде иштер 2018-жылы бүткөн, жол пайдаланууга берилген, Казарман – Жалал-Абад тилкесинде 3 миң 283,5 метр узундукта тоннель куруу иштерин бүтүрүү калды. Жалпы узундуктун 3 миң 890 метринде иштер бүтүп, 606,5 метри калды. Ошентип, иштер 2023-жылдын ноябрында толук бүткөрүлөт.
Экинчи этапта Арал – Казарман тилкеси бүткөрүлүп, азыр кемчиликтер оңдолуп жатат. Аяктоо мөөнөтү быйылкыга белгиленген.
"Үчүнчү фаза боюнча долбоор 2024-жылы толук бүтөт. Долбоордун жалпы наркы 860 млн долларга бааланган, азыркы учурда 600 млн доллары сарпталды", - деди инженер.
Булак: NazarNews.kg