www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тоң районунда айыл чарба багытындагы 120 га жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Тоң районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Б.Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Карасай тилкесиндеги жалпы 120 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси 2008-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 102 млн сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.