www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак прездиенти Касым-Жомарт Токаев “Россия 24” каналына берген маегинде январь окуясы учурунда Жамааттык кооопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) аскерлерин өлкөгө киргизүү боюнча айтты. Ал: “Орусияда айрымдар Казакстанды Орусия “куткарып калды”, демек, Казакстан Орусияга түбөлүк кызмат кылып, аягына жыгылышы керек деп, окуяны бурмалап жатышат”, - деди.

Токаев бул чындыкка дал келбеген пикир экенин билдирди. Ал январь окуясы учурунда ЖККУ чектелүү контингет жибергенин белгилеп, аскерлер Алматыга келген сааттан баштап, бир да ок атпаганын кайталады.

Орусия жетектеген альянс январда “өлкөгө сырттан агрессия жасалып жатканын” маалымдаган Токевдин өтүнүчү менен Казакстанга эки миңден ашык аскерин жиберген.

Эске салсак, 16-майда ЖККУ жыйынында Владимир Путин уюмдун контингентин Казакстанга киргизүү маселесине токтолуп, аскерлер экстремисттердин Казакстанда бийликти басып алуусун алдын алууга жетишкенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости