www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астананы газдаштыруунун жай темпинен улам экология начарлап жатканын айтты. Бул тууралуу Акорданын сайтында жазылды.
Борбор калааны өнүктүрүү боюнча кеңешмеде президент бюджеттен ири каражат бөлүнгөн шаарды газдаштыруу иштери жай жүрүп жатканын белгиледи. Токаев туруктуу электр менен камсыздоону дагы бир маанилүү милдет деп атады.
«2019-жылы Сарыарка газ түтүгүнүн биринчи этабы бүткөрүлгөн. Акимчиликтин милдети 300 миңден ашык адам жашаган конуштарга газ киргизүү. Азыр 8 миң гана абонент газ менен камсыз кылууну уюштурган. Газдаштыруу иштери жай жүрүп жаткандыктан экология начарлоодо – аяздуу күндөрү мештен жылыган түтүн шаардын үстүнөн коюу түтүн пайда кылат», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg